Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коомдук тартипти, жүрүш-туруш нормаларын бузуудан, кандайдыр бир жаңылыштык кетирүүдөн келип чыккан айып, жалпы эле жазыктуу, айыптуу мамиле, кимдир бирөөнүн кылмыштуу аракети. Күнөөсү жок, соту жок, Айдап кеткен болучу (Токтогул). Жашырып койсо жараткан, Жаш жандын кылган күнөөсүн (Токомбаев). Байкуш Бакыда күнөө бар беле? Каяша айтам деп балаага калбадыбы (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНӨӨ (АЙЫП) – кылмыш-жаза укугунда адамдын өзүнүн укукка каршы кылыгына (аракетине жана аракетсиздигине) жана анын натыйжаларына карай маанай мамилеси. Адамдын өзүнүн жүрүм-турумунун обу жоктугун (укукка каршылыгын) жана ага байланышкан жыйынтыктардын туура эместигин моюнга алуусун (түшүнүүсүн) билдирет. Юридикалык жоопкерчиликтин зарыл шарты. К. адамдын мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагына жеткени жана акыл-эси жайында болгону өбөлгө болот. Жарандык укукта К. – жарандык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчилик шарттары: келишимдик же башка милдеттенмелерди орундабай, болбосо ойдогудай аткарбай коюу, мыйзамсыз келишим түзүү, мүлктүк зыян келтирүү ж. б. Жарандык укукту бузган адамдын күнөөсү болжолдонот; ал жоопкерчиликтен кутулушу үчүн өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдөөгө тийиш. Айрым убактарда К. (м.: эгер зыян өзгөчө коркунучтуу жагдайдан улам тартылса) сөзсүз жоопко тартууга негиз боло бербейт. К. таризи адатта жарандык-укуктук жоопкерчиликтин көлөмүнө таасир этпейт. Эларалык укукта К. катары укук бузуу субъектиси тарабынан жасалганы аныкталган, анын эларалык-укуктук жоопкерчилигин жараткан факты түшүнүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮНӨӨ (АЙЫП) ПРИНЦИБИ КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы принциптеринин бири. Ал.: а) адам өзүнүн күнөөсү аныкталган коомдук коркунучтуу аракеттери (аракетсиздиги) үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат; б) объективдүү айып тагуу, б. а. айыпсыз зыян кылгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга жол берилбейт дегенди билдирет.